Айыл өкмөт башчыларын ротациялоо саясаты токтотулду
25 сентябрь

Айыл өкмөт башчыларын ротациялоо саясаты токтотулду

Жогорку Кеңештин 25-сентябрдагы жыйынында “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр үч окууда колдоо тапты.

Эми киргизилген өзгөртүүгө ылайык, тиешелүү айыл аймагында туулган адам өз айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындала албайт деген ченем жоюлат. 

Эскерте кетсек, 11-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу айыл өкмөт башчыларын ротациялоо саясаты өзүн актабагандыгын билдирип, аталган маселени тез арада чечүү талабын койгон. 

Буга чейин колдонулуп келген мыйзамга ылайык, айыл өкмөт башчысы болууну каалагандар өз айылына эмес, башка аймактарды жетектөөгө тартылып келгенин айткан Төрага: «Бирок бул иш жүзүндө туура эмес натыйжаларга алып келүүдө. Шаар жана облус башчылары, акимдер арасында ротациялоо саясаты өзүн актаганы менен айыл өкмөттөрү арасында андай жыйынтыкты көрө алган жокпуз. Бүгүнкү күндө ар бир районду карасак, экиден-үчтөн айыл өкмөт башчыларынын ордулары бош турат. Башка айылдардан барып иштебей жатышат. Барса дагы эки ай, үч ай, эң көп дегенде төрт-беш айдан кийин кетип калышууда», – деген. 

Төраганын бул талабына ылайык, тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенин айткан Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев да колдонулуп келген мыйзам ченеми өзүн актабагандыгын белгиледи.