Кыргызстанда Орозо айы 1-мартта башталат
17 февраль

Кыргызстанда Орозо айы 1-мартта башталат

Кыргызстанда Орозо айы 2025-жылдын 1-мартында башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-февралда өлкө аймагындагы бардык мечиттерде таравих намазы окулат.

Бир жылда отуз күн орозо кармоо, тагыраак айтканда, күн бою наар тартпай жүрүү – Ислам дининдеги негизги беш парздын бири.