Бишкек – Ош жолунда кар көчкү атайылап түшүрүлдү
Бишкек – Ош унаа жолунун 222-чакырымында (Шаркыратма тилкеси) бүгүн кар көчкүлөрдү аткылап түшүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, көлөмү 214137 чарчы метр кар көчкү түшүп, унаа жолго жеткен жок.
«Эртең кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүү иштери Чүй облусунун аймагындагы Бишкек - Ош унаа жолунун 238-чакырымында улантылат», – деп айтылат билдирүүдө.
