«Чүй облустук жаш майыптар» коомуна кичи автобус тапшырылды
Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева жана Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Аманкан Кенжебаев 2 миңдей жаран мүчөлүк кылган «Чүй облустук жаш майыптар коому» коомдук бирикмесине кичи автобусту тапшырышты.
Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Сокулук районундагы иш сапарынын алкагында аталган коомдук бирикменин ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып, бир катар көйгөйлөрдөн жеринен кабар алган. Анда төрага мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга зарыл болгон шарттарды түзүү мамлекеттин башкы милдети экенин баса белгилеп, борбордун ишин колдоо максатында кичи автобус алып берүүнү убада кылган.
Ага ылайык, бүгүн төраганын резервдик фондунун эсебинен алынган Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү кичи автобус уюмга салтанаттуу түрдө тапшырылды.
Иш-чара учурунда депутат Винера Раимбачаева сөз сүйлөп:
«Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктарын коргоо жана аларга керектүү шарттарды түзүү – мамлекет үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири. Бул маселени Төрага Нурланбек Тургунбек уулу өзгөчө көңүл борборунда кармап келет. Бүгүн тапшырылып жаткан унаа бирикменин күнүмдүк ишин жеңилдетип, алардын коомдогу активдүү катышуусуна өбөлгө болот деген ишеничтемин», – деди.
Ал эми эл өкүлү Аманкан Кенжебаев да төраганын иш сапарынан кийин жолугушууда көтөрүлгөн башка маселелер да чечилгенин кошумчалады. Атап айтканда, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн курулган 16 батирди мыйзамдаштыруу маселеси оң чечимин таап, тиешелүү документтер расмий түрдө берилген. Ошондой эле борбордун алдына жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында жасалма дөңсө да орнотулган.
Өз кезегинде уюмдун жетекчилиги жана мүчөлөрү реабилитациялоо борборуна көрсөтүлгөн колдоолор үчүн, анын ичинен авто унаага болгон муктаждыкты кыска аралыкта чечип бергендиги үчүн төрага Нурланбек Тургунбек уулуна жана Жогорку Кеңешке ыраазычылык билдиришти.
Кошумчалай кетсек, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар негизинен кол өнөрчүлүк менен алектенип, анын ичинен чек ара кызматы өңдүү мамлекеттик мекемелерге атайын формаларды тигишет.
