Бишкекте 49 көмөк чордон техникалык тейлөөдөн өтөт
Бишкекте 49 көмөк чордон техникалык тейлөөдөн өтөт, деп билдирет Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Энергетиктер керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо жана сапаттуу тейлөө үчүн жыл сайын электр жабдууларын оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүшөт.
2025-2026-ж. күз-кыш мезгилине карата “КУЭТ” ААКтын филиалы Бишкек электр тармактар ишканасынын көмөк чордондор кызматы «Главная», «Нижняя-Ала-Арча», «Кант», «Лермонтова», «ДСК», «Водоканал» көмөк чордондордун 185 жабдуусун капиталдык оңдоодон, 49 көмөк чордондун 3180 жабдуусун техникалык тейлөөдөн өткөрүүнү пландоодо.
Эске салсак, 2024-жылы энергетиктер тарабынан Бишкек шаарынын жана Чүй облусунунун аймагында жайгашкан 9 даана көмөк чордондун жабдуусу капиталдык оңдоодон өткөн. Ал эми калган 49 көмөк чордондун 3113 жабдуусу техникалык тейлөөдөн өткөрүлгөн.
Маалымат үчүн: Бишкек электр тармактар ишканасынын балансында кВ – 2, 110 кВ – 30, 35 кВ – 17 жалпы 49 даана көмөк чордон бар.
