Баткенде көп балалуу энелерге “Баатыр эне” жана “Эне даңкы” наамдары ыйгарылды
29 июль

Баткенде көп балалуу энелерге “Баатыр эне” жана “Эне даңкы” наамдары ыйгарылды

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов Кызыл-Кыя шаарында 20 көп балалуу энеге сыйлыктарды тапшырды. 

Өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, алардын жетөөнө "Баатыр эне" ордени, он үчүнө «Эне Даӊкы» медалы тапшырылды.

Облус башчысы өз сөзүндө энелердин балдарды татыктуу тарбиялап-өстүрүүдө жана үй-бүлө баалуулугун сактоодогу зор эмгегин белгилеп, бакубат турмуш, үй-бүлөлүк бакыт каалады.

Белгилей кетсек, быйыл Баткен облусунда жалпы 342 эне сыйланууда, алардын 163ү “Баатыр эне” ордени, 179у “Эне даңкы” медалына татыды.

Эске салсак, жети жана андан көп балалуу энелер «Баатыр эне» ордени менен, алты балалуу энелер «Эне Даӊкы» медалы менен сыйланат.