Баткенде топ балдар тарабынан тоноочулук жасалып, шектүүлөр кармалды
25 сентябрь

Баткенде топ балдар тарабынан тоноочулук жасалып, шектүүлөр кармалды

2025-жылдын 19-сентябрында болжол менен түнкү саат 02:00 чамасында Баткен-Ош автожолунун боюнда, тактап айтканда, Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагындагы Торговый участкасында 21 жаштагы Баткен шаарынын тургуну З.Эни. белгисиз балдардын тобу тарабынан токтотулган.

Алар "Daewoo Lacetti" жана "Daewoo Nexia" үлгүсүндөгү автоунаалар менен келип, арыздануучуну автоунаадан түшүрүп, "Силер кимсинер, кайда баратасыңар?" деп суракка алышкан. Андан соң 6-7 баладан турган топ З.Эни уруп-согуп, күч менен белгисиз талаа тарапка алып барышкан. Жабырлануучунун өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратышып, анын болжол менен 10 миң сомдук саатын, акча каражатын жана банк картасынын паролун коркутуу жолу менен тартып алышкан.

Шектүүлөр арыздануучунун банктык картасын колдонуп, жакынкы банкоматтан коркутуу жолу менен 5000 сом акча чыгарып алышкан.

Бул факт боюнча маалымат Баткен ОИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тиешелүү тергөө иштери башталган.

Баткен ОИИБдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам иликтөө иштеринин негизинде шектүү катары 6 жарандын өздүктөрү такталып, кармалып алардын ичинен Кадамжай районунун Молдо-Нияз айыл аймагына караштуу Кайтпас айылынын 20 жаштагы И.Р., Б.Ж. жана А.Клар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 206-беренесинин (Тоноочулук) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.