Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди
29 июль

Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Бул Мыйзамдын максаты экстремисттик багыттагы кылмыштарды жасагандыгы үчүн кылмыш-укуктук ченемдерди өркүндөтүү, уюмдарды экстремисттик жана террористтик деп таануу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин ченемдерин “Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболоруна ылайык келтирүү болуп саналат.

Алсак, ушул Мыйзам менен төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат:

1) Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине:

  • маалыматтык материалдарды экстремисттик же террористтик деп таануу жөнүндө сотко арыз берүү тартибин тактоо;
  • маалыматтык материалдарды экстремисттик же террористтик деп таануу жөнүндө арызды сот тарабынан кароо мөөнөтүн узартуу;
  • маалыматтык материалдарды экстремисттик же террористтик деп таануу жөнүндө соттун чечиминин аткарылышын түзөтүү;

2) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине:

  • “Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо” 331-беренесинин жана “Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу” 332-беренесинин 1-бөлүктөрүнүн санкцияларын конкреттештирүү;
  • “Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу” 332-беренесинин 1-бөлүгүнүн диспозициясын жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан экстремисттик материалдарды таратуу менен толуктоо;
  • экстремисттик материалдарды сактоо үчүн жоопкерчиликти киргизүү (3321-берене);

3) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине 326-3321-беренелерде каралган кылмыштар боюнча улуттук коопсуздук жана ички иштер органдарынын ортосунда альтернативдүү тергөөгө караштуулукту белгилөө;

4) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине:

  • экстремисттик материалдарды сактоо үчүн жоопкерчиликти бекитүү (1421-берене);
  • ички иштер органдарына 1421-беренеде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди кароону жана жаза чараларды көрүүнү аныктоо;

5) “Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына:

  • “экстремисттик материалдарды сактоо” түшүнүгү менен “экстремисттик иш” аныктамасын кеңейтүү;
  • “эскертме” түшүнүгүн тактоо;
  • экстремисттик материалдарды жайылтууга жол бербөө жөнүндө ченемдерди түзөтүү;
  • жеке жак экстремисттик материалдарды сактоо учурунда жазуу жүзүндө алдын ала эскертме чыгаруудан баш тартуу.