Нарындын көмүрү Бишкек ЖЭБине биринчи жолу темир жол аркылуу жеткирилет
Сүрөт ачык булактардан алынды
12 октябрь

Нарындын көмүрү Бишкек ЖЭБине биринчи жолу темир жол аркылуу жеткирилет

Нарын облусунан казылган көмүр Бишкек жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) биринчи жолу темир жол аркылуу жеткирилет. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Көмүр ташуу үчүн жалпы сыйымдуулугу 1 миң тоннага жакын болгон 15 вагондон турган курам түзүлдү.

Ишкананын маалыматына ылайык, көмүрдү темир жол аркылуу ташуу автомобиль жолдоруна түшкөн жүктү азайтып, ири көлөмдөгү отунду тезирээк жеткирүүгө жана Ысык-Көлдүн экологиясына жүк ташуучу унаалардын терс таасирин кыскартууга мүмкүндүк берет.

Көмүр 2026-жылдын 25-июлунда ачылган Балыкчы – Кочкор жаңы темир жол тилкесиндеги станцияда жүктөлүүдө.

Буга чейин бул багыттан көмүр негизинен автоунаалар менен ташылып келген.