Бишкектин Жеңиш конушунда 18-февралда суу өчүрүлөт
17 февраль

Бишкектин Жеңиш конушунда 18-февралда суу өчүрүлөт

Бишкектин Жеңиш турак жай конушунда 18-февралда саат 10:00дөн 15:00гө чейин ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Ичүүчү сууну өчүрүү "Жеңиш" суу топтомосундагы жана  шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.

«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышыңарды суранат.