Өзгөн районундагы окуучулардын мушташты. Милиция иликтөөнү баштады
Өзгөн районундагы окуучулардын мушташты боюнча милиция териштирүү иштерин баштады.
Өзгөн райондук милициясынын маалыматына караганда, ички иштер бөлүмүнө 14-февралда 2008-жылы туулган К.Э денесинен жарат алып аймактык ооруканага түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Окуя боюнча териштирүү учурунда, күбөлөрдүн маалыматына ылайык, №34 мектептин 11-классынын окуучулары өз ара пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, натыйжада К.Эни ур-токмоко алышып, денесине жаракат келтиришкен.
Аталган факты боюнча КР кылмыш-жаза кодексинин 280-берене (бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
