Шайлоо мыйзамына өзгөртүү: Үгүтчүлөрдүн саны үчтөн көп болбоого тийиш
26 май

Шайлоо мыйзамына өзгөртүү: Үгүтчүлөрдүн саны үчтөн көп болбоого тийиш

Кыргызстанда кайрадан шайлоо жөнүндөгү мыйзам өзгөрүү алдында турат. Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитети “КР президентин жана ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүүгө багытталган мыйзам долбоорун 1-окууда карады. 

Демилгечилердин бири депутат Камила Талиеванын айтымында, үгүтчүлөрдүн санынын көптүгү талапкерлер арасындагы тең салмаксыздыкты жаратат.  

“Мыйзамда КР президентин шайлоодо 10 миңге чейин үгүтчү, ал эми ЖК депутаттарын шайлоодо миңге чейин үгүтчү алууга болот деп көрсөтүлгөн. Бирок аны коомчулук терс кабыл алды. “Ар бир талапкер миңге чейин үгүтчү ала алса, анда бул акчалуулардын шайлоосу турбайбы, үгүтчүлөрү аркылуу шайланып келе беришет” деген пикирлер жаралган. Ошондуктан биз үгүтчүлөрдүн санын азайтууну сунуштап жатабыз”, – деди ал. 

Талиева белгилегендей, мыйзам долбоорунда шайлоо округундагы ар бир шайлоо участогунда 3төн көп эмес үгүтчү алуу эрежеси жазылган. 

“Мисалы, бир округдагы ар бир участокко 3 үгүтчү болот деп үгүтчүлөргө алкактык чектөө киргизүүнү карадык. Бул көзөмөлдөөнү кыйла натыйжалуу кылат”, – деди депутат. 

Депутат Улан Сариев: “Эгерде 3төн көп үгүтчү алган учурда, калгандары мыйзамсыз болуп калабы?” – деген суроо узатты. Аны менен катар талапкердин туугандары расмий үгүтчү болуп таанылышпаса дагы, шайлоо өнөктүгү учурда жардам берип, үгүт иштерин жүргүзөөрүн эстетти. 

Талиева туугандардын ич ара талапкер тууралуу маалыматтарды жайылтып, үгүт жүргүзүшү мыйзамсыз болбой турганын айтты. 

“Эми алар ачыкка чыгышпайт да, туугандар арасында талкуу болот дегендей, ал нерсе мыйзамсыз эмес”, – деди. 

Ошондой эле мыйзамдагы ар бир талапкер 1000ге чейин үгүтчү ала алат деген эреже талапкерлер арасындагы финансылык дисбаланс жаратканын, бир талапкер миң үгүтчү алса, экинчиси жүз дагы үгүтчү жалдай албай калганын билдирди. 

“Бирөөнүн акчасы көп, бирөөнүкү аз. Үгүтчүлөр бекер иштебейт, аларга маяна төлөп берүү керек. Биз талапкерлердин баарына бирдей шарт түзүлсүн деп жатабыз”, – деди Камила Талиева.