“Бишкексууканал” ишканасы ичүүчү суу үчүн карызын төлөбөгөндөрдүн суусун өчүрүүдө
17 февраль

“Бишкексууканал” ишканасы ичүүчү суу үчүн карызын төлөбөгөндөрдүн суусун өчүрүүдө

"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери бир нече жылдан бери суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарынан пайдаланып, бирок акысын төлөбөгөн бир катар жарандардын суусун өчүрүүдө.

Мисалы, борбор калаанын Свердлов районунда катталган ири карыздар:
- 43 093 сом (2012-жылдан берки карыз);
- 15 584 сом;
- 14 061 сом;
- 13 278 сом;
- 11 312 сом.

Биринчи май районунда:
- 24 872 сом (2022-жылдан берки карыз);
- 17 749 сом (2022-жылдан берки карыз);
- 10 182 сом (2022-жылдан берки карыз);
- 9 088 сом (2023-жылдан берки карыз);
- 14 757 сом (2022-жылдан берки карыз).

Ленин району боюнча:
- 16 900 сом (2022-жылдан берки карыз);
- 15 000 сом (2021-жылдан берки карыз);
- 11 897 сом (2022-жылдан берки карыз);
- 10000 сом (2023-жылдан берки карыз);
- 10082 сом (2023-жылдан берки карыз).

Мындай карыздар ишканага олуттуу каржылык кыйынчылыктарды жаратып, шаардын суу өткөрүү инфраструктурасын өз убагында оңдоого, модернизациялоого жана өнүктүрүүгө тоскоолдук кылат.
Ичүүчү суунун жана саркынды сууларынын тарифи:
1 м3 суу-10,45 сом;
1 м3 саркынды-3,45 сом.
Эгер өлчөөчү прибору жок болсо, анда суу керектөө нормасы 1 адамга 350 литр деп эсептелет.

Бишкекти ичүүчү суу менен камсыз кылуу - бул кудуктардан суу алууну, насостук станцияларды иштетүүнү, дезинфекциялоону жана керектөөчүлөргө жеткирүүнү камтыган татаал жана чыгымдуу процесс. Бирок бул тариф үзгүлтүксүз суу менен камсыздоо жана суу чыгаруу үчүн зарыл болгон бардык чыгымдарды жаппайт. Чыгымдардын негизги беренесин-насосторду жана тазалоочу курулмаларды иштетүү үчүн зарыл болгон электр энергиясы түзөт.

"Бишкексууканал" МИси бардык абоненттерди суу менен камсыздоо кызматтарын өз убагында төлөөгө жана карыздарды топтобоого чакырат. Болбосо, ишкана колдонуудагы нормаларга ылайык суу менен камсыздоону өчүрүүгө аргасыз болот.