Жер тилкелерин мыйзамсыз менчикке чыгарган кызмат адамдарына кылмыш иши козголду
Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Орок муниципалдык аймактык башкармалыгында жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, мурдагы Орок айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жер участокторун мыйзамсыз бөлүп берген фактылар аныкталды.
Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы Жарлыгында жер тилкелерин трансформациялоого тыюу салынганына карабастан, 2024-жылдын 29-февралында Жал айылындагы 534 чарчы метр жер тилкеси К.Т. аттуу жаранга мыйзамсыз берилген. Ошондой эле, мыйзамсыз түрдө жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссия түзүлүп, анын чечиминин негизинде 19 турак үйгө тиешелүү 2,06 га жер тилкеси мыйзамсыз менчикке бекитилген.
Бул фактылар боюнча Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүү үчүн Ленин райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
