Нарын милициясы унутулуп кеткен 4500 АКШ долларын ээсине кайтарды
2025-жылдын 28-июль күнү саат 07:00 чамасында Нарын шаарындагы "Ред-Петролеум" май куюучу жайында белгисиз жаран айдап жүргөн автоунаасынын үстүнө акча жана документтер салынган капчыгын унутуп,айдап кетип калган.Капчыктын ичинде 4500 АКШ доллары, паспорт жана банктык карталар болгон.
Капчыгын жоготкон жаран Бишкек шаарынан тургуну 1991-жылы туулган У.Т. 112 кызматына билдирүү берип, Нарын ШИИБне катталган. Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө Нарын ОИИБдин милициянын кайгуул-күзөт кызматкерлери акчаны жана документтерди таап алган жаранды аныктап, баарын толугу менен ээсине кайтарып беришти.
