Айтматов милициясы райондук прокуратура менен биргеликте алдамчылыкка шектүү катары мурдагы прокуратура кызматкерин кармады
Айтматов РИИБге 30 жаштагы район тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2024-жылдын апрель, май айларында Айтматов райондук прокуратурасында иштеген “Р” аттуу кызматкер Кызыл-Адыр айылынан 5 жана 7 сотых жер участокторун кызмат адамдары менен сүйлөшүп, арзан баада алып берем деп ишеничине кирип, жалпы суммасы 1 026 000 (бир миллион жыйырма алты миң) сом акча каражатын алып, жер участогун алып бербей же акча каражатын кайтарбай качып жүргөндүгүн билдирген.
Аталган факты Айтматов РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Айтматов РИИБдин кылмыш-иликтөө бөлүмүнүн жана Айтматов райондук прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмыш ишине шектүү катары Ош шаарынын тургуну 1992-ж.т. С.Р. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда изин жашырып жүргөн жеринен кармалып, Айтматов райондук сотунун чечими менен убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө С.Р. арыз ээсинен акча алган учурда Айтматов райондук прокуратурасында иштегендиги, 2024-жылдын июль айында иш бөлмөсүндө акча алып жаткан жеринен кармалып, кийин жумуштан кеткендиги белгилүү болгон.
