Транспорт министри Ысык-Көлдөгү оңдолуп жаткан жолдорду ыкчам бүткөрүү тапшырмасын койду
Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев күн мурун, 23-мартта Ысык-Көл облусуна жумушчу сапар менен барды. Бул тууралуу ведомстводно кабарлашты.
Маалыматка ылайык, министр алгач Балыкчы шаарындагы асфальт-бетон чыгарган заводдун ишмердүүлүгү менен жеринен таанышып, подрядчы компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту.
Ошондой эле ведомство жетекчиси Чолпон-Ата шаарынын ичиндеги көчөнү оңдоо иштерин текшерип, жайкы сезонго чейин асфальт төшөө иштерин аягына чыгарууну тапшырды.
Сыргабаев Ысык-Көл айланма жолунун Корумду — Балбай баатыр участогун 104-чакырымынан 184,5-чакырымына чейин реконструкциялоо иштеринен кабар алып, курулуш иштерин бекитилген графиктен кечиктирбей өз убагында жана сапаттуу аткаруу тапшырмасын койду.
Мындан тышкары, министр «Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автожолун реконструкциялоо» долбоорунун алкагында аткарылып жаткан иштер менен таанышты.
Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев тиешелүү жетекчилерге планга ылайык жумуштарды иш ыргагын ыкчамдатуу менен жүзөгө ашыруу талабын койду.
