Кыргызстан Эр-Рияддагы эл аралык аэропортко жасалган соккуларды айыптады
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Эр-Рияд шаарындагы Падыша Халид атындагы эл аралык аэропорттун аймагына жасалган, адам өмүрлөрүнүн кыйылышына жана жай тургундардын арасында көптөгөн адамдардын жаракат алышына алып келген соккуларды чечкиндүү түрдө айыптайт.
Кыргыз Республикасы жарандык жана авиациялык инфраструктура объекттерине кол салууларды эл аралык укуктун ченемдерин одоно бузуу жана эл аралык жарандык авиациянын коопсуздугуна коркунуч келтирүү катары баалайт. Мындай аракеттер кырдаалдын кооптуу түрдө курчушуна алып келип, Жакынкы Чыгыш аймагында туруктуулукту жана тынчтыкты камсыз кылуу боюнча аракеттерге доо кетирет.
Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, ошондой эле Сауд Арабия Королдугунун жетекчилигине жана элине, бул окуянын кесепетинен жарандары жабыр тарткан мамлекеттерге терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана кайгыларын тең бөлүшөбүз. Жабыркагандардын бардыгынын тезирээк сакайып кетишине тилектешпиз.
Кыргыз Республикасы бардык чыр-чатактарды жана пикир келишпестиктерди эл аралык укуктун принциптерине жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставына ылайык, сүйлөшүүлөр аркылуу, жалаң гана тынчтык жолу менен жөнгө салууну ырааттуу жактап келет. Бардык тараптарды сабырдуулукка жана кырдаалдын мындан ары туруксуздашуусуна алып келе турган аскердик аракеттерден баш тартууга чакырабыз.
