Кыргызстандагы мечиттерде таравих намазы окулду
1 март

Кыргызстандагы мечиттерде таравих намазы окулду

Кыргызстанданы аймагындагы мечиттерде 28-февралда таравих намазы окулду. Бул тууралуу муфтияттын кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, анын катарында Бишкектеги башкы «Имам Сарахсий» мечитинде таравих намазында Куран хатмга старт берилип, ага Кыргызстан муфтийинин биринчи орун басары Самаган ажы Мырзаибраимов катышып, муфтий Абдулазиз кары Закировдун рамазандык куттуктоо сөзүн жеткирди.

2025-жылдагы алгачкы таравих намазына муфтийдин дагы бир орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев да катышып, орозо айынын пазилеттери тууралуу баян айтты.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Ыйык Орозо айы башталды.