Саламаттык сактоо министри Улуттук госпиталга барды
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталда болуп, анда жаңы борборлоштурулган кабыл алуу, шашылыш медициналык жардам көрсөтүү бөлүмүнүн иши менен таанышты.
Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов министрге бөлүмдүн ишинин уюштурулушу, жабдылышы жана функционалдык мүмкүнчүлүгү менен тааныштырды.
Ооруканага ыкчам жаткырууну оптималдаштыруу жана тез жардамдын сапатын жогорулатуу үчүн Улуттук госпиталдын ИОВ бөлүмүнүн имаратынын базасында борборлоштурулган кабыл алуу, шашылыш медициналык жардам бөлүмү түзүлдү
