Жыл башынан бери Соцфонддун колл-борборуна 9 миңден ашуун кайрылуу түшкөн
Үстүбүздөгү жылдын январь-августунда Социалдык фонддун колл-борбору 9 миң 182 кайрылуу кабыл алды.
Фонддун басма сөз кызматынан билдиришкендей, августта эле колл-борборго 1 миң 236 кайрылуу келип түшкөн, анын ичинде 686 телефон аркылуу түшкөн чалуулар, ошондой эле сайттагы онлайн офлайн чат аркылуу 555 түшкөн кайрылуулар.
Кайрылуулардын көпчүлүгү пенсия чектөө, жеке камсыздандыруу эсептериндеги акча каражат тууралуу, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жана башка маселелерге байланыштуу болгон.
Белгилей кетсек, колл-борборго 1202 кыска номурун терип кайрылса болот.