Актриса Ырыс Жоомартова мезгилсиз дүйнөдөн кайтты
Актриса, кино продюсер, режиссер жана Кыргыз кинематографисттер союзунун мүчөсү Рыскан Жоомартова (Ырыс Жоомартова) 60 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Кесиптештеринин маалыматына таянсак, актриса акыркы күндөрү ооруп, Россияда дарыланып жаткан. Ага операция жасалмак.
Рыскан Жоомартова 1965-жылы 12-ноябрда Чүй облусунун Жайыл районундагы Тунук айылында туулган.
Алматы индустриалдык техникумун "эмерек өндүрүшүнүн технологу" адистиги боюнча бүтүргөн. 1998-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридика факультетине тапшырган. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетин аяктаган.
