Жалал-Абадда гипс жана гипсокартон чыгаруучу ишкананын кошумча жаңы линиясы курула баштады
1 март

Жалал-Абадда гипс жана гипсокартон чыгаруучу ишкананын кошумча жаңы линиясы курула баштады

Сузак районунун Достук айылында жайгашкан “Мега Юнион Индастри” жоопкерчилиги чектелген коомунун гипс жана гипсокартон чыгаруучу ишканасынын кошумча жаңы линиясы курула баштады. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Капсула салуу иш-чарасына президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов, кытайлык инвесторлор жана мекеме жетекчилиги катышты.

"2024-жылдын декабрында “Мега Юнион Индастри” ЖЧКсы менен Кытайдын “Hengshui Decheng Machinery & Equipment Co., Ltd” компаниясынын ортосунда кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюлган", - деп айтылат маалыматта. 

Ага ылайык, гипс жана гипсокартон чыгаруучу ишкананын өндүрүшүн кеңейтүү жумуштары башталып, 2025-жылдын сентябрында колдонууга берүү пландалган.

Жумуш аяктаса жаӊы технологиялык гипсокартон чыгаруучу линия жылына 60 миң тонна гипс жана 10 млн метр чарчы гипсокартон өндүрүү кубаттуулугуна ээ болот. Ага сарпталуучу жалпы инвестициянын көлөмү 10 млн. АКШ долларын түзөт.

Белгилей кетсек, “Мега Юнион Индастри” жоопкерчилиги чектелген коому Сузак районунун Достук айылында 2008-жылдан тарта иш алып барып келет.