Кыйноолордун алдын алуу жаңы мыйзам менен олуттуу түрдө бузулду, – деп БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары тынчсыздануу менен билдирди
25 сентябрь

Кыйноолордун алдын алуу жаңы мыйзам менен олуттуу түрдө бузулду, – деп БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары тынчсыздануу менен билдирди

Кыргызстанда жаңы мыйзамдын кабыл алынышы Кыйноолорду алдын алуу жаатындагы олуттуу артка кетүү болуп саналат, — деп Фолькер Тюрк, БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары бүгүн билдирди. 

“Кыйноолордун алдын алуу боюнча көз карандысыз мониторинг жүргүзүү органын жоюу анын анын ыйгарым укуктарын азырынча толук көз карандысыздыкка ээ болбогон Акыйкатчы (Омбудсмен) Институтуна өткөрүп берүү чечими Кыргызстандын адам укуктары жаатындагы милдеттенмелерине каршы келет», – деди Тюрк. 

23-сентябрда Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун (КӨАУБ) жабылышын жана анын кыйноолорду алдын алуу боюнча мандатын Омбудсменге өткөрүп берүүнү караган мыйзамга кол койгону жарыяланды.

“КАУБ Борбор Азия үчүн үлгү болуп, бул аймактагы эл аралык стандарттарга жооп берген жалгыз көзкарандысыз улуттук укук коргоо мекемеси болгон”, –деп белгиледи Жогорку комиссар.  

«Ушул жылдын март айында Кыргызстанга болгон сапарымда мен КАУБдын көз карандысыздыгын сактоонун, ага жетиштүү ресурстарды жана анын функцияларын натыйжалуу аткаруу үчүн зарыл болгон жеткилүүетүүлүктү берүүнун өтө маанилүү экендигин баса белгилегем», – деп кошумчалады ал. 

«Мен бийлик өкүлдөрүн кыйноолордун алдын алуу боюнча мониторинг жүргүзүү үзгүлтүккө учурабашы үчүн; Акыйкатчы институтунун түзүмүндө Кыргызстандын келишимдик милдеттенмелерине ылайык жаңы бөлүм түзүлүшү үчүн; ал жетиштүү, максаттуу жана өзүнчө бюджетке ээ болуу менен функционалдык, оперативдик жана каржылык көз карандысыздыкка ээ болушуна кечиктирилгис чараларды көрүүгө чакырам. Ошондой эле жарандык коомго жана көз карандысыз эксперттерге бул процессте, ошондой элекелечектеги алдын алуу мониторингди жүргүзүүдө так аныкталган жана кеңеш берүүчү ролду берүү маанилүү», – деп белгиледи ал. 

Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбор 2012-жылы БУУнун Кыйноолорго каршы конвенцияна Факультативдик протоколдун катышуучу-мамлекети болуу менен 2008-жала өзүнө алган Кыргызстандын милдеттенмелерин ишке ашыруу максатынын негизинде түзүлгөн. Негизги милдеттенме эркиндигинен ажыратуунун же чектөөнүн бардык жерлерине үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу, Улуттук алдын алуу механизми (УАМ) катары белгилүү болгон кыйноолордун алдын алуу боюнча көз карандысыз мониторинг органыжы түзүүдө турат.