5 февраль

Жеке жана юридикалык жактардын «Тазалык» ишканасына төлөй турчу карызы 200 миллион сомдон ашкан

Борбор калаада карызы бар абоненттерге карата рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө. 

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери бир нече жылдан бери таштанды үчүн карызын төлөбөгөн абоненттердин үйлөрүн кыдырып чыгууда.

Кызматкерлер, карыз болгон абоненттердин үйлөрүнө атайын стикерлерди жабыштырып жатат.

Азыркы учурда жеке жана юридикалык жактардын «Тазалык» ишканасына төлөй турчу карызы 200 миллион сомдон ашкан.