ИИМ эскертет: эмгек өргүү учурунда уурулук тобокелчилиги жогорулайт
29 июль

ИИМ эскертет: эмгек өргүү учурунда уурулук тобокелчилиги жогорулайт

Эмгек өргүүсүнө чыгуу мезгилинин башталганына байланыштуу, Ички иштер министрлиги жарандарды турак-жайын уурулуктан коргоо боюнча чараларды көрүүгө чакырат.

Жарандардын көбүнүн жай мезгилинде эс алуусу батир уурулугунун санынын көбөйүшү менен коштолот. Мындай кылмыштарды алдын алуу максатында милиция кызматкерлери калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Мүлкүңүздүн коопсуздугун сактоо үчүн төмөнкүлөр сунушталат:

  • Кетээрден мурда бардык эшиктер, терезелер жана балкондор бекем жабылганын текшериңиз;
  • Ачкычтарды “килемдин астында” же башка оңой жетүүгө мүмкүн болгон жерлерде калтырбаңыз;
  • Мүмкүн болсо видеобайкоо тутумдарын орнотуңуз;
  • Сиз жокто кошуналардан же туугандардан батирге көз салууну сураныңыз.

Коопсуздукту камсыздоо-бул укук коргоо органдарынын да, жарандардын да жалпы милдети. Биргелешкен аракет менен гана, сак жана жоопкерчиликтүү болуу менен кылмыштуулукту натыйжалуу алдын алууга болот.