Турак жайлар, мектеп жана ФАПтын имараты жабыркады. Кыргызстанда катталган жер титирөөнүн кесепети
6 октябрь

Турак жайлар, мектеп жана ФАПтын имараты жабыркады. Кыргызстанда катталган жер титирөөнүн кесепети

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 6-октябрга караган түнү катталган жер титирөөнүн кесепеттери тууралуу маалымат таратты.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, саат 18:30га карата:

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айыл аймагынын Башкы-Терек айылында жайгашкан 1 мектеп, 1 бала бакча, 1 ФАПтын, 3 турак үй, Коргон-Сай айылында 2 турак үй, Курулуш айылында 1 турак үй жана Чакмак-Суу айылында 1 ФАПтын имаратынын дубалынан майда жаракалар пайда болгон.

Ал эми Талас облусунун Айтматов районундагы жер титирөөнүн кесепетинен Шекер айыл аймагынын Шекер айылында 1 мектеп жана Манас районунун Семетей айыл аймагынын Семетей айылында 1 мектеп (интернат), Жайылган айылында 1 мектептин имаратынын дубалынан майда жаракалар аныкталган.

Жалпы 6 турак үй, 4 мектеп, 1 балдар бакча, 2 ФАПтын имаратынын дубалдарынан майда жаракалар кеткен.

Жеринде жарандык коргонуу кызматтары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу бөлүмүнүн адистери менен биргеликте иш алып барууда.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын 6-октябрында КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, түнкү саат 02:29да Кыргызстандын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 6 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.