Эрнист Жаманкулов Кыргызстандын КЭРдин Гуанчжоу шаарындагы Башкы консулу болуп дайындалды
29 июль

Эрнист Жаманкулов Кыргызстандын КЭРдин Гуанчжоу шаарындагы Башкы консулу болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 6-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык токтом кылынып, Жаманкулов Эрнист Абдыкалыкович Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасынын Гуанчжоу шаарындагы Башкы консулу болуп дайындалды.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, президент кол койгон башка жарлыкка ылайык, Хомени Эргешов Кыргызстандын КЭРдин Гуанчжоу шаарындагы Башкы консулу кызматынан бошотулду.