Германия Баткен облусу менен ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар
Бүгүн, 14-майда Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Ленхард жетектеген делегация Баткен облусуна иш сапары менен келип, облус башчысынын орун басары Жаныбек Исаков менен жолугушту.
Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, жолугушууга Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев жана Баткен районунун акиминин биринчи орун басары Алимбек Матмуратов катышты.
Тараптар Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын алкагында, аймактарды өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу, кесиптик билим берүү, жашыл экономика жана инфраструктуралык долбоорлор боюнча пикир алышты.
Ошондой эле жолугушууда Баткен облусунун туристтик потенциалын жогорулатуу, аймактын тарыхый-маданий жайларын таанытуу жана туризм тармагында кызматташууну күчөтүү маселелери талкууланды.
Өз кезегинде элчи Моника Ленхард Баткен облусу менен ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара байланыштарды мындан ары да бекемдеп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу багытында кызматташууну улантууга даяр экендиктерин белгилешти.
