Жол ачык, каттам бар. Өлкө ашууларындагы абал
Бүгүн, 17-февраль саат 08:00го карата өлкөнүн ашууларында каттам бар, жол ачык, деп кабарлайт Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, министрликке караштуу “Кыргызавтожол-Түштүк” жана Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан инерттик материалдарды чачуу, тазалоо иштери үзгүлтүксүз уланууда.
Жолчулар атайын кезметке туруп, өзгөчө тайгак тилкелерге күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатышат.
Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.
