
Ташиевдин текшерүүсүнөн кийин "Достук" бекетинин өткөрмө жөндөмдүүлүгү жакшырды
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин пландан тышкары текшерүүсүнөн кийин "Достук" көзөмөл-өткөрүү пунктундагы өткөрмө жөндөмдүүлүгү жакшырды, деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, 26-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы КамчыбекТашиев "Достук" көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишмердүүлүгүн пландан тышкаркы текшерүүгө алып, анын жүрүшүндө көзөмөл-өткөрүү пунктунун толук кандуу иштешине тоскоол болгон бир катар факторлорду аныктап, бул тууралуу жергиликтүү кызматтарга эскертүү берген.
Алсак, пландан тышкары текшерүүдөн кийин мамлекеттик чек арадан Өзбекстан Республикасы менен өткөн адамдардын агымын үзгүлтүксүз тейлөөнү камсыз кылуу максатында айрым жерлерде оңдоо иштери жүргүзүлүп, кошумча паспорттук көзөмөл терезелери ачылып, калкты тейлөө үчүн чек ара кызматынын кызматкерлеринин саны 9 адамга көбөйтүлүп, алардын кызмат өтөө графиги кайрадан каралды.
Учурда УКМК тарабынан "Достук" көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишине көзөмөлдү күчөтүү боюнча кошумча чаралар каралууда.