Бишкектин четинде көк бөрү ойноп жаткан улакчы каза болду
12 март

Бишкектин четинде көк бөрү ойноп жаткан улакчы каза болду

Бишкектин четинде көк бөрү турнири учурунда кырсык катталып, оюнчулардын бири каза болду. Каргашалуу окуя бүгүн Нооруз майрамына карата уюштурулган беттештин жүрүшүндө болгон. 

Сокулуктан "Бөрүлү" командасынын 44 жаштагы улакчысы башынан жаракат алып, тез жардам кызматы келгиче каза болгон.