Сокулук районундагы “Кудайберген” көмөк чордонунун кубаттуулугу жогорулатылды
29 июль

Сокулук районундагы “Кудайберген” көмөк чордонунун кубаттуулугу жогорулатылды

Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформа жана алгылыктуу иштердин алкагында тармакта жабдыктарды жаңылоо, көмөк чордондордун кубаттуулугун жогорулатуу иштерине өзгөчө көңүл бурулууда.

Алсак, Сокулук районунун Новопавловка айылында жайгашкан 35/10 кВ "Кудайберген" көмөк чордонунда 10 000 кВА кубаттуулуктагы трансформатор 16000 кВА кубаттуулуктагы трансформаторго "КУЭТ" ААКнын филиалы Чүй ишканасынын кызматкерлери тарабынан алмаштырылды.

Аталган аймакта керектөөчүлөрдүн саны өсүп, 2013-жылы курулуп, ишке берилген кубаттуулугу 10 000 кВАны түзгөн 35/10 кВ "Кудайберген" көмөк чордонунун кубаттуулугу жетишсиз болгон. Учурдагы жаңылоодон кийин көмөк чордонго 6000 кВА кубаттуулук кошулуп, электр энергия менен камсыздоо жолго салынды.

Жабдыктарды жаңылоо иштери Энергетика министрлиги менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы келишимдин негизинде ишке ашырылып жатат.

Бул иштер келе жаткан күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү, Новопавловка айылынын жашоочуларын ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылуу жана тейлөө сапатын жакшыртуу үчүн жасалууда.