Кыргызстандын аймактарына суюк азот жеткирилди
17 февраль

Кыргызстандын аймактарына суюк азот жеткирилди

Кыргыз Республикасынын мал чарбасында сандан сапатка өтүүнү өнүктүрүү максатында, Суу Ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан Жалал-Абад, Ош, Баткен жана Талас облустарына техник-уруктандыруучулар үчүн суюк азот жана уруктук материалдар жеткирилди.

Белгилей кетсек, чарбада суюк азот жаныбарларды жасалма уруктандыруу үчүн колдонулган уруктарды эң төмөн температурада тирүү сактап туруу үчүн колдонулат.