Гемофилия: Кыргызстанда 400дөй адам жабыркайт, алдын алууга медицинанын мүмкүнчүлүгү чектелүү
17-апрелде бүткүл дүйнөдө гемофилияга каршы күрөшүү күнү белгиленди. Бул кандай дарт, эмнеден улам пайда болот жана дартты алып жүрүүчүлөр кандай жашоо режимин карманышы керек – Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын госпиталдык педиатрия кафедрасынын доценти, медицина илимдеринин кандидаты Жаңыл Мустапаева айтып берди.
Дарыгер белгилегендей, гемофилия – тукум куучу, сейрек кездешүүчү, бирок олуттуу көңүл бурууну талап кылган оору. Кыргызстанда бул дарт менен канча адам жабыркаары тууралуу так регистр жок, бирок дарыгерлердин жеке байкоосунда 400-420 киши жабыркайт жана анын жарымы жаш балдар.
“Гемофилия менен көбүнчө эркек балдар ооруйт. А кыздар ооруну алып жүрүүчү – кондуктор болушат. Мисалы, гемофилия менен ооруган эркек бала үйлөнөр алдында текшербестен, кондуктор кызга баш кошуп алса, анда мындай үй-бүлөдө төрөлгөн кыздар да ооруп калышы ыктымал. Бирок бул абдан сейрек кездешет. Ошол эле учурда гемофилия менен ооруган атадан дени сак эркек балдар төрөлөт, а кыздар кондуктор болуп калышы мүмкүн. А кондуктор эне эркек балалуу болсо, анын гемофилия менен жабыркоо ыктымалдуулугу жогору”, – деди Мустапаева.
Ал түшүндүргөндөй, гемофилия – кандын уюшунун бузулушу, башкача айтканда, кан куюлуу коштогон оору.
“Оору белгилери качан башталат? Оорунун оор формасы бала төрөлөрү менен төрөтканада эле белгилүү болот. Башында кан уюп төрөлөт же киндигин кескенде кан агып көпкө токтобойт. Андан кийинки белги – эмдөөлөр жасалганда билинет. Булчуңга ийне сайылса, ал жерде кан уюп гематома пайда болот. Негизи, көпкө чейин токтобой кан агуу оорунун биринчи белгилери.
Орточо оордуктагы оору бала жөрмөлөп баштаганда байкалат. Чыканагына, тизесине күч келип, кызарып, дене табы көтөрүлөт, ошол мүчөнүн функциясы бузулат. Биз муну гемартроз деп коебуз. Андан ары балада белгилер көбөйө берет: сүт тиши чыкканда канайт, кийин сүт тиши түшкөндө дагы канайт. Жыгылып же денесин уруп алса, муундарга кан куюлуу башталат. Негизинен бир гана муун көп жабыркайт, биринчи кайсы муунга кан куюлса, кийинки травмаларда дагы ошол муунга кан куюлуу улана берет. Ички органдарга, бөйрөккө, боорго да кан куюлушу кездешет. Кан агуу жүрүп-жүрүп баланы аз кандуулукка алып келет”, – деди дарыгер.
Айтымында, бул дартка чалдыккан балдарга дарыгерлер велосипед тебүүгө, атка минүүгө, мектепте дене тарбия сабагына катышууга ж.б. кыймылдуу аракеттерге тыюу салышат. Анткени, мындай балдарга жыгылууга, урунууга, катуураак сокку алууга болбойт.
Ошондой эле Жаңыл Мустапаеванын айтымында, айрым дарыларды ичүү мүмкүн эмес, мисалы аспирин сыяктуу канды суюлтуучу каражаттар. Ал эми тамак-аш боюнча, бир гана уксусту колдонууга тыюу салынат. Андан сырткары, гемофилия менен жабыркаган балада кан агуу башталса, үйдө өз алдынча токтотууга аракет жасабоо керек, дароо ооруканага кайрылуу кажет. Ал жактан канды токтотуучу капельница сайылат.
Дарыгер Кыргызстанда гемофилия менен күрөшүүдө медицина кызматкерлеринин милдети бир гана канды токтотуу менен чектелип келээрин кошумчалады. Айтымында, өнүккөн өлкөлөрдө профилактика жана реабилитация жөнгө салынган.
“Кандын уюшуна катышкан эки фактор: VIII жана IX бар, булардын жетишсиздиги гемофилияны жаратат. Профилактика болгондо, балада кайсы фактор жетишпесе, ошону кандын агышын күтпөй эле алдын ала толуктап турушат. Мисалы, бала тизесин уруп алды, ага дароо жетишпеген фактор толукталып, сайылат. Же спортко катышса, машыгуу алдында сайып коет, болду, эч кандай маселе жаралбайт. Буга азыр биздин мүмкүнчүлүгүбүз жок. Эгерде болгондо канча бала майыптыкка жетпей, толук кандуу жашоодо, башка адамдардан эч бир айырмаланбай жашап, окуп жана иштей алышмак”, – деди ал.
