Бишкектеги Royal Central Park: Борбор Азияда уникалдуу инфраструктурасы жана жашыл аймагы бар биринчи мегаполис
10 ноябрь

Бишкектеги Royal Central Park: Борбор Азияда уникалдуу инфраструктурасы жана жашыл аймагы бар биринчи мегаполис

Турак жай, билим берүү, кеңсе жана рекреациялык зоналарды бириктирген заманбап шаардык комплекс – Royal Central Park масштабдуу долбоору Бишкекте расмий түрдө ишке ашырылууда. Комплекс жалпысынан 53,5 гектар аянтты ээлейт, анын 71 пайызы жашыл зоналарга, суу объектилерине жана коомдук инфраструктурага бөлүнүп, "бакчадагы шаар" концепциясын – жаратылыш менен шаардык чөйрөнүн гармониялуу айкалышын ишке ашырат.

Курулуштун биринчи этабы ыкчам ыргакта ишке ашырылууда: учурда жол тармагынын 80 пайызы, Борбордук парктын 40 пайызы даяр, анын ичине суу ландшафты, башкы аянт, музыкалык фонтаны бар сахна жана жөө жүргүнчүлөр аллеялары кирет. Бул элементтер уникалдуу коомдук чөйрөнү түзөт.

Долбоордун биринчи этабында 9,3 гектар аянтка Essence деп аталган 35 кабаттуу беш мунара куруу каралган. Биринчи фазадагы турак жайдын жалпы аянты — 1,81 млн м², ал эми комплекстин бардык кабаттарынын жалпы аянты 2,1 млн м²ге жетет.

Долбоор расмий шаар куруу корутундусун жана бийик имараттарды куруу боюнча атайын техникалык шарттарды алды. Имараттар заманбап курулуш стандарттарына жана жер титирөөгө туруктуулук талаптарына толугу менен жооп берет.

Royal Central Park дүйнөлүк деңгээлдеги комплекстүү инфраструктураны сунуштайт:

Билим берүү: балдардын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн билим берүү экосистемасын түзгөн окуу кабинеттери, спорттук жана ачык аянтчалары бар үч заманбап мектеп.

Медицина: калктын ден соолугун ар тараптан колдоого алган адистештирилген клиникалар жана комплекстүү медициналык кызматтар тармагы.

Бизнес: ири компаниялардын штаб-квартираларын жайгаштыруу үчүн А классындагы эки кеңсе мунарасы түшөт, бул заманбап жана абройлуу ишкердик чөйрөнү түзөт.

Көңүл ачуу жана эс алуу: эл аралык соода борбору, беш жылдыздуу мейманкана, машыгуу залдары, спа-комплекс, бассейн, йога студиялары жана көп функционалдуу спорттук аймактар.

Долбоордун архитектуралык жана маданий бөлүгүнө өзгөчө көңүл бурулган. Namas аянты, Көчмөндөр мурасы көлү, Жибек жолунун короосу, Көчмөндүн очогу, Павильондор багы, Тынчтык багы, Гүл каскады, Жарык көпүрөсү, Жашоо энергиясынын талаалары жана Чыгармачылык паркы- бул  мурас менен заманбап стилди айкалыштырган көркөм мейкиндик. Ар бир деталь Кыргызстандын баатырдык тарыхын жана улуттук өзгөчөлүгүн чагылдырып турат.

Долбоор 59 239 адамдын жашоосуна ылайыкташтырылган жана Бишкектеги заманбап шаардык жашоо образынын жаңы символу болуп калат, ал экологиялык тазалыкты, маданий мурасты жана жогорку комфорт стандарттарын айкалыштырат. Royal Central Park жөн гана турак жай комплекси эмес, ал жашоо, иштөө жана эс алуу үчүн туруктуу жана гармониялуу мейкиндикти түзгөн маданий жана социалдык борбор болуп калат.