Үч-Коргон ГЭСинде №3 гидроагрегатты реконструкциялоо иштери башталды
Үстүбүздөгү жылдын 11-мартынан тарта Үч-Коргон ГЭСинин №3 гидроагрегатын реконструкциялоо иштери расмий түрдө башталды.
Энергетика министрлигинен кабарлашкандай, бул долбоорду «CNEEC» (China National Electric Engineering Co. Ltd.) компаниясы ишке ашырууда.
Учурда гидроагрегаттын демонтаждоо иштери жүргүзүлүп жатат. Ага чейин даярдык иштерине көңүл бурулган.
Эске салсак:
• Үч-Коргон ГЭСинде кубаттуулугу 45 МВт болгон 4 гидроагрегат жайгашкан.
• 2024-жылы №4 гидроагрегат реконструкциядан өтүп, анын кубаттуулугу 9 МВтка жогорулатылган.
• №3 гидроагрегатты жаңылоо иштеринин натыйжасында ал дагы 9 МВтка көбөйөт.
Учурда №3 гидроагрегатты реконструкциялоо иштери жүрүп жатканда, ГЭСтин кубаттуулугу 144 МВтты түзөт. Эскилиги жеткен гидроагрегаттар 1962-жылдан бери иштеп, буга чейин реконструкцияланган эмес.
Реконструкция иштерин 2025-жылдын ноябрына бүтүрүү пландалууда.
