“Интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти камтыган сайттарга кирүүгө тыюу салуу жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти камтыган сайттарга кирүүгө тыюу салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Кабыл алынган Мыйзамдын максаты – коомдун моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарын, ошондой эле инсандык руханий-ахлактык саламаттыгын коргоо.
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү материалдарды жайылтууга тыюу салат.
Мыйзамда порно элементтерин камтыган материалдардын жайылыш убактысы – ал материал биринчи жолу Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде жеткиликтүү болгон учур же ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (бул Мыйзамга ылайык – Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрилиги) материал жөнүндө маалымат алган учур катары аныкталат.
Ошондуктан, порно элементтери камтылган материалдардын жайылышы аныкталган учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү сайттын же анын айрым барагынын интернет байланышын эки айга чейин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алат. Бул чечим интернет-провайдерлер, хостинг-провайдерлер, сайттардын жана барактардын ээлери тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
Ошол себептен, Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигиндеги интернет-провайдерлерге, хостинг-провайдерлерге, сайттардын жана (же) барактардын ээсине порнографиялык элементтерди камтыган материалга жетүү мүмкүнчүлүгүн бөгөттөө милдети жүктөлөт.
Ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укук бузуулар жөнүндө жоопкерчиликке алып келет.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
