«Алтын-Ордо» конушунун көчөлөрүн капиталдык оңдоо иштери уланууда
«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы шаардын конуштарындагы жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоо иштерин улантууда.
Мэриядан кабарлашкандай, учурдагы оңдоо иштери «Алтын-Ордо» конушунун Безымянная көчөсүндө Кадыр-Ата көчөсүнөн Кадырбай-Ата көчөсүнө чейин жүрүп жатат.
Ишкананын адистери тарабынан бордюрлар жана ирригациялык системалар орнотулуп, тротуарлардын негизи даярдалууда. Жакын арада жолдун өзүнүн негизин даярдоо башталат.
