Жалал-Абад шаарында жол коопсуздугуна көзөмөл күчөтүлүүдө
10 август

Жалал-Абад шаарында жол коопсуздугуна көзөмөл күчөтүлүүдө

Жалал-Абад шаарында жол коопсуздугуна көзөмөл күчөтүлүүдө.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, кызматкерлер үчүн атайын нускама өткөрүлүп, түнкү “Рулда” аталышындагы рейдке чыгышты. 

Нускама учурунда өздүк курамдын тийиштүү күч каражаттары, ЖПС, Автоураган өңдүү санарип каражаттары текшерилип, кызмат учурунда кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча ИИМдин буйрук, нускамаларын жеткирди.

Рейд учурунда жол кырсыгына себеп болгон мас абалында унаа башкаргандарга, автоээнбаштык жасагандарга,катуу ылдамдыкта айдоо өңдүү одоно жол эрежелерин бузган айдоочуларга карата мыйзамга ылайык катуу чаралар көрүлөт.