«Мадина» базарындагы өрт. Арадан бир ай өттү, ишкерлер дагы деле кенемте күтүп жатышат
«Мадина» базарында чыккан өрттөн бир ай өткөнүнө карабастан, жабыркаган ишкерлерге компенсация төлөп берүү маселеси ачык бойдон калууда. Соодагерлер азырынча төлөмдөрдү ала элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 30-сентябрдагы жыйынында депутат Гүлү Кожокулова билдирди.
Депутаттын айтымында, ишкерлерге өрттүн келип чыгуу себептери да түшүндүрүлгөн эмес. Ал соодагерлердин каржылык абалы оор экенине көңүл буруп, алардын көбүнүн насыялары бар экенин белгиледи.
Кожокулова Бишкек мэриясын жана базардын администрациясын жабыркаган ишкерлер менен ишти жөнгө салып, аларга даректүү жардам көрсөтүүгө чакырды.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев өз кезегинде компенсациялар төлөнөрүн билдирди. Учурда муниципалитет тиешелүү кызматтар менен биргеликте жабыркаган ишкерлердин санын тактап, алардын ар бирине келтирилген материалдык чыгымды баалоодо.
«Мадина» базарында өрт 30-августта чыккан.
