Тигүүчүлөрдү жана маркетплейстерде товар саткан ишкерлерди 2026-жылдын аягына чейин бирдиктүү салыктан бошотуу сунушталууда
Кыргызстанда тигүү жана текстиль өндүрүшүнүн субъекттерин, ошондой эле электрондук соода аянтчалары аркылуу товар саткан ишкерлерди убактылуу бирдиктүү салыктан жана отчет тапшыруудан бошотуу сунушталууда.
Тиешелүү өзгөртүүлөр Салык салуу чөйрөсүндөгү мыйзам долбоорунда каралган. Аны министрлер кабинети Жогорку Кеңештин кароосуна киргизди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков билдирди.
Жеңилдикти 2026-жылдын 1-августунан 31-декабрына чейин киргизүү сунушталууда.
«Мыйзам долбоору салык мыйзамдарын өркүндөтүүгө, ишкердик субъекттерине жагымдуу шарттарды түзүүгө жана айрым маселелерди жөнгө салууга багытталган», — деди министр.
Мыйзам долбоорунда ошондой эле «Тамчы» атайын финансылык-инвестициялык аймагына салык салууга өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.
Мындан тышкары, мамлекеттик баалуу кагаздардан түшкөн кирешелерди пайда салыгынан жана киреше салыгынан бошотуу сунушталууда.
Дагы бир норма Кыргызстандын жарандарынын улуттук паспортторун жана акциздик маркаларды даярдоого арналган чийки заттарды жана материалдарды импорттоого тиешелүү. Аларды кошумча нарк салыгынан бошотуу сунушталууда.
Документте ошондой эле Жарандык процесстик кодекске жана Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган. Анын ичинде мүлк жана кирешелер тууралуу декларацияны өз убагында тапшырбагандыгы үчүн жоопкерчиликке байланыштуу ченемдер бар.
Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.
