2020-жылдан бери РКӨФ Кыргызстандын экономикасына $850 млн ашык каражат багыттады
2020-жылдан бери Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) Кыргызстандын экономикасын каржылоого $850 млн ашык каражат багыттады. Бул тууралуу РКӨФ башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, фонд ишмердигин баштагандан бери каржылоонун жалпы көлөмү $1,2 млрддан ашты. Ошентип, РКӨФтүн алгачкы капиталы болжол менен 2,5 эсеге өстү.
Фонддун кредиттик портфели да кыйла көбөйдү. 2021-жылдын башында анын көлөмү $212 млн болсо, учурда $600 млнго жетти. Башкача айтканда, долбоорлорду каржылоонун көлөмү дээрлик үч эсеге көбөйгөн.
Новиков көйгөйлүү активдердин да азайганын билдирди. Алардын үлүшү 2021-жылы 22%ды түзсө, учурда 1,5%га чейин төмөндөгөн. Салыштыруу үчүн, анын маалыматына караганда, банк секторундагы орточо көрсөткүч болжол менен 10%ды түзөт.
2023-жылдан тартып РКӨФ экономикага багытталган каражаттын көлөмүн жыл сайын көбөйтүүдө. 2023-жылы каржылоонун көлөмү $160 млн, 2025-жылы $236 млн болгон. 2026-жылдын аягына чейин фонд экономикага болжол менен $305 млн салууну пландап жатат.
РКӨФ иштеп баштагандан бери жалпысынан 3 миң 829 долбоорду каржылаган. Алардын ичинен 200гө жакыны ири долбоорлор. Чакан жана орто бизнести каржылоо коммерциялык банктар аркылуу жүргүзүлөт.
Новиковдун айтымында, учурда фонддун каражаттарына коммерциялык банктардын 800гө жакын филиалы аркылуу жетүүгө болот.
