Кыргызстанда «Рулда» аталышында рейд жүрүүдө. Эки күндө 186 мас айдоочу кармалды.
17 февраль

Кыргызстанда «Рулда» аталышында рейд жүрүүдө. Эки күндө 186 мас айдоочу кармалды.

ИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан жол унаа кырсыктарынын алдын алуу жана коомдук тартипти камсыздоо максатында Республиканын аймагында «Рулда» аталышындагы рейддик иш-чара башталып, 14-15-февраль күндөрү жол эрежелерин одоно бузган 6802 айдоочулар аныкталды.

Алардын ичинен: 

  • мас абалында унаа башкарган 186 айдоочу;
  • тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган 259 айдоочу;
  • ылдамдыкты ашырып айдаган 1072 айдоочу;
  • каршы тилкеге чыгуу менен унаа башкарган 98 айдоочу;
  • автоээнбаштык жасаган 7 айдоочу;
  • терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан (тонировка) 36 айдоочу.

Жол эрежелерин одоно бузгандыгы үчүн 1055 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилген.

Бул рейдтик иш-чара айдын аягына чейин уланып, спирт ичимдигин ичип алып унаа башкарган, элдин тынч уйкусун бузуп, башка жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдук жаратып, жол кырсыгына себепкер болуп, автожарыш жана автоээнбаштык жасаган айдоочуларды жоопкерчиликке тартуу максаты коюлууда.