Сүрөт ачык булактардан алынды
30 сентябрь
Бишкек ЖЭБинде жылытуу мезгилине даярдык көрүү үчүн төрт казан агрегаты оңдолууда
Бишкек ЖЭБинде 2026–2027-жылдардагы жылытуу мезгилине даярдыктын алкагында негизги жана көмөкчү жабдууларды оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
2026-жылга бекитилген оңдоо иштеринин планына ылайык, төрт казан агрегатына орточо жана учурдагы оңдоо, эки энергоблокко жана алты турбоагрегатка учурдагы оңдоо жүргүзүү каралган.
Учурда бир энергоблокту жана беш турбоагрегатты оңдоо иштери аяктады.
29-сентябрга карата төрт казан агрегаты жана үч турбоагрегат иштеп жатат. Дагы жети казан агрегаты жана эки турбоагрегат резервде турат.
Мэриядан белгилешкендей, оңдоо иштери ЖЭБдин жабдууларын алдыдагы жылытуу мезгилине даярдоо максатында жүргүзүлүүдө.
