Кулубаев Түрк мамлекеттеринин ТИМ башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышат
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 7-октябрда Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамовдун чакыруусу менен Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.
ТИМден кабарлашкандай, жыйын “Аймактык тынчтык жана коопсуздук” деген темада ѳтүп, учурдагы геосаясий кырдаалды талкуулоо жана түрк мамлекеттеринин коопсуздук, тышкы саясат жана аймактык өнүгүү чөйрөлөрүндө кызматташуусун бекемдөө үчүн маанилүү аянтчаны түзөт.
Жыйындын жүрүшүндө министрлер мамлекет башчыларынын алдыда боло турган Саммитинин күн тартибин талкуулап, ТМУга мүчө-мамлекеттердин мамлекет башчыларынын кеңешине кол коюуга сунуштала турган жыйынтыктоочу документтерди бекитишет.
Ошондой эле ТМУ алкагында саясий диалогду бекемдөөгө жана көп тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган бир катар документтерди кабыл алуу пландалууда.
