"Мадинадагы" өрт. Кездемелер арзандатуу менен таратылып, базарда тыгын жаралды
7 сентябрь

"Мадинадагы" өрт. Кездемелер арзандатуу менен таратылып, базарда тыгын жаралды

Жекшемби, 6-сентябрда Бишкек шаарындагы «Мадина» базарында сатып алуучулардын көптүгүнөн чыныгы тыгын жаралды. Базардын кире беришинде жана соода контейнерлеринин алдында узун кезектер пайда болду.

Мындай ажиотажга жакында болгон ири өрттөн жабыркаган кездемелердин арзандатылып сатылышы себеп болгон. Кездемелердин айрым рулондору күйүп кетпегени менен, түтүнгө жана ышка сиңген же өрттү өчүрүү учурунда сууга чыланган.

Ишкерлер мындай товарларды олуттуу арзандатуу менен сата башташкан. Ал эми социалдык тармактардагы маалыматтарга караганда, кездемелердин айрым түрлөрү акысыз таратылган.

Соодагерлердин айтымында, товарларды төмөндөтүлгөн жана символикалык баада сатуу аларга өрттөн улам тарткан чыгымдарынын жок дегенде бир бөлүгүн кайтарып алууга мүмкүнчүлүк берет.

Эске салсак, «Мадина» базарында ири өрт 30-августта эртең менен болгон. Өрт болжол менен 1,5 миң чарчы метр аянтты каптап, 50дөн ашык соода контейнери жабыркаган. Өрттү өчүрүү учурунда ӨКМдин эки кызматкери жаракат алган.

Болжол менен бир жумадан кийин базар кайрадан ишин баштады. Ошол эле учурда ишкерлер соода жүргүзүү үчүн зарыл шарттар толук калыбына келтириле электигин билдиришкен. Бирок алар сооданы кайра жандандырууну талап кылышкан.