Ош шаарында 4 суу кампасы пайдаланууга берилди
Ош шаарында 6-октябрда төрт жаңы суу кампасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жана шаар тургундары катышты.
Ак-Буура дарыясынын жээгинде, мурдагы эски бассейндин ордуна курулган бул суу кампаларынын жалпы кубаттуулугу 24 миң м³, ал эми жалпы аянты 5450,7 м² түзөт.
Ар кандай себептерден улам суу берүү убактылуу токтотулган учурда, резервуардагы суу шаардын чыгыш бөлүгүнө жеткирилет.
