Бишкектин Теңдик көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери аяктады
7 октябрь

Бишкектин Теңдик көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери аяктады

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы Теңдик көчөсүн Мидин көчөсүнөн Дастан көчөсүнө чейин капиталдык оңдоо иштерин аяктады.

Мэриянын басма сз кызматынан кабарлашкандай, тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн бардык зарыл чаралар көрүлдү.

Жолчулар эки тарапка тротуарларды куруп, ирригациялык системаны орнотуп, жаңы асфальт төшөштү.

Учурда бригада жаңыланган тилкеге жол белгилерин түшүрүүдө.