Салык кызматы Ноокен районундагы мыйзамсыз сакталган күйүүчү майды аныктады
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери салыктык рейддик контролунун жүрүшүндө керектүү коштоочу жана уруксат берүүчү документтери жок күйүүчү майды сактоо фактысын аныкташты.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун аймагында мыйзамсыз күйүүчү-майлоочу материалдарды сактоочу жайлар — май куюучу жай жана жеке үйдүн короосундагы кампа табылган. Бул объектилерде тийиштүү уруксат документтери жок 6 тоннага жакын (5 872 литр) күйүүчү май сакталган.
Мындан тышкары, КММны сактоо эрежелерин бузуулар, пломбалардын жоктугу, ошондой эле башка бир катар укук бузуулар аныкталган. Бул фактылар боюнча материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык андан ары укуктук баа берүү жана соттук чечим чыгаруу максатында укук коргоо жана сот органдарына өткөрүп берүү үчүн даярдалып жатат.
Салык кызматы күйүүчү майларды сатуу жана аны сактоо эрежелерин колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерине ылайык так сактоо керектигин эскертет.
